Тажик тарап танктарды, минометторду колдонуп жатат. Чек арада абал чыңалуу бойдон

 Тажик тарап танктарды, минометторду колдонуп жатат. Чек арада абал чыңалуу бойдон

Кыргызстандын Чек ара кызматынан билдиришкендей, саат 09:30га карата кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып турат.

“Кызыл-Бел-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согди облусунун жетекчилеринин жолугушуусу пландалууда. Жолугушууга Тараптардын чек ара өкүлдөрү катышат.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасынын бардык периметри боюнча атышуу уланып жатканын белгиленди.

Тажик тарап танктарды, БТР, БМП жана минометторду колдонууда.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан өздүк курамы ок атышууну улантууда.

 

 

 

Жанылыктар