Ок атышпоо келишимин аткарбай жатат. Тажик тарап “Карамык” чек ара заставасына ок атты

 Ок атышпоо келишимин аткарбай жатат. Тажик тарап “Карамык” чек ара заставасына ок атты
Чек ара кызматы 17-сентябрь,  саат 18:20га Ош облусунун Чоң-Алай районундагы кыргыз-тажик чек арасында  кырдаал кайрадан чыңалып жаткандыгын маалымдады.
Ок атышууну токтотуу жана чек ара сызыгынан аскерлерин жана күчтөрүн чыгаруу боюнча бардык келишимдерди дагы бир жолу бузуп, тажик тарап Кыргызстандын “Карамык” чек ара заставасынын чек арачыларына ок атуучу жана топтук куралдардан ок чыгарган.
Кыргызстандын  Чек ара кызматынын Чоң-Алай районундагы тарамдарынын өздүк курамы аймактардагы абалды турукташтырууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүдө.

Жанылыктар