Тажик тарап Чоң-Алайга ок атууну токтотту

 Тажик тарап Чоң-Алайга ок атууну токтотту

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы атышуу токтоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы кабарлады.

Чоң-Алайдагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Кыргызстандын Чек ара кызматынын директорунун биринчи орун басары Уларбек Шаршеев жана Тажикстандын УКМКсынын Чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонали ортосунда сүйлөшүү болду.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында саат 14:20да тажик тарап кыргыз чек арачыларынын Чоң-Алай районундагы Тешик-Таш, Карамык жана Кароол-Дөбө айылдарындагы позицияларын миномет жана артиллериялык түзүлүштөрдөн аткылоосун токтоткон.

Кыргыз Чек ара кызматы чек арадагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды улантууда.

Жанылыктар