«Тазалык» ишканасынын жумушчулары иш таштап, нааразычылык акциягы чыгышты

 «Тазалык» ишканасынын жумушчулары иш таштап, нааразычылык акциягы чыгышты

“Тазалык” муниципалдык ишканасынын жумушчулары  бүгүн  жумушка чыккан жок.  Алар  (негизинен жүк ташуучу унаалардын айдоочулары) жумушка келбей,  муниципалдык ишкананын  аймагына нааразылык акциясына чыгышкан.  Алар ишканада иштин чоо-жайын билбеген жетекчилер көп алмашат дешет. Кызматкерлер да айлык маянасы  кечиктирилип, унаа оңдоого акча бөлбөй жатканын айтышууда.

Алар менен сүйлөшүүгө  Бишкек  шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев барды.

Бийлик өкүлү билдиргендей, «Тазалык» муниципалдык ишканасынын директору Азат Сагынов ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле,  анын орун басары Болот Одуракаев да кызматынан бошотулган. Маалым болгондой, Азат Сагынов 2021-жылдын декабрынан бери «Тазалык» ишканасынын директору болуп иштеп келген.

Жанылыктар