Тазабек Икрамов комуз сабагын киргизүүнү жана окуучуларды калпак кийүүгө милдеттендирүүнү сунуштоодо

Бүгүн парламенттин жыйынында депутаттар билим берүү жана илим министри кызматына Алмазбек Бейшеналиевдин талапкерлиги талкууланды.
Анда эл өкүлү Тазабек Икрамов өлкөнүн башталгыч мектептерине комуз сабагын киргизүүнү, мектеп формасын улуттук калпак менен толуктоону тиешелүү министрликтин башчысынын милдетин аткаруучуга сунуштады.
«Башталгыч класстарга комуз, манас таануу сабактарын киргизүү зарыл. Мындан тышкары калпакты киргизүүнү сунуштайм: башталгыч класстарда – бир түрү, орто жана жогорку мектептерде – башка. Бул биздин улуттук баш кийимибизди даңазалайт. Бизге ата-бабаларыбыздан калган улуттук форманы киргизүүнү көптөн бери сунуштап келе жатам», — деди ал.