Тазабек Икрамов Баткен облусунун аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады

 Тазабек Икрамов Баткен облусунун аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов Баткен облусун Манас деп өзгөртүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал 29-сентябрда парламенттин жыйынында билдирди.

Эл өкүлү каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Мындан тышкары, мамлекеттен үй-жайсыз калгандарга тез арада жардам берүүнү суранды.

“Кыргызстан Баткенден башталат деп айтып келе жатабыз. Баткендин абалы бүгүн ушунчалык оор болуп турганда мен ушуну сунуштап талкууга коёюн деп жатам. Баатыр элибизге туура келген болсо Баткен облусун Манас облусу деп атаганы мен сунуш кылып, талкууга коём. Эгер талкууда макулдук болсо Баткен облусун Манас облусу деп сунуштаймын. Ушуну жакшы карап берсеңиздер. Мен протоколдук тапшырма берет элем”, – деди Икрамов.

Жанылыктар