Таза суу тартыш, жер талаш маселелери күч. Ноокат эли бийлик өкүлдөрү менен жолугушту

 Таза суу тартыш, жер талаш маселелери күч. Ноокат эли бийлик өкүлдөрү менен жолугушту

Башкы прокурор Курманкул Зулушев жана Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Ноокат районунун тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу жеринен кабарчыбыз Исхак Туратбеков  билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жыйында жергиликтүү тургундар дыйканчылык боюнча, таза суу тартыштыгы жана жер талаш маселелери арбын экендигин айтышты.

Ал эми бийлик өкүлдөрү жарандардын маселелери мыйзам чегинде чечилерин, орчундуу жагдайлар өкмөттүн жыйынында карала тургандыгын билдиришти.

Белгилей кетсек, жергиликтүү калк менен түз байланыш түзүү, көтөрүлгөн көйгөйлөрдү ыкчам чечүү максатында өлкөнүн аткаруу бийлигинин, ошондой эле көзөмөлдөөчү жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн аймак тургундары менен жолугушуулары өткөрүлүүдө.

Жанылыктар