Таза суу көйгөйү. Оштун мэри Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту

 Таза суу көйгөйү. Оштун мэри Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту

Бүгүн, 11-апрелде Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) Кыргыз Республикасындагы өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда тараптар шаарды таза суу менен камсыздоо боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлорду, анын ичинде Озгур суу тазалоочу станциясынын хлорду зыянсыздандыруу блогун модернизациялоо долбоорун талкуулашты. Мындан сырткары Ош шаарынын мэриясы тарабыынан сунушталган узундугу 2,4 кмди түзгөн суу алуучу курулма жана суу өткөргүч куруу долбоору тууралуу сөз жүрдү.

Алмаз Мамбетов өз сөзүндө ишке ашырылып жаткан долбоорлордун калаа калкы үчүн маанилүүлүгүн белгилеп, мындан ары да тыгыз кызматташуу ишенимин билдирди.

АӨБ өкүлдөрү шаар жашоочуларын таза суу менен камсыздоо долбоорлорунун алкагында жүрүп жаткан иштер тууралуу айтышты.

Белгилей кетсек, Ош шаарына болгон иш сапардын алкагында Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү “Ошшаарсууканал” муниципалдык ишканасынын обьектилерин көрүп, шаардын таза суу тармагынын учурдагы иштери менен таанышты. Анын ичинде Озгур суу тазалоочу станциясына, Плотина суу тосмосуна барышты.

Жанылыктар