Таштандыга толгон эс алуу жайлары. Кайдыгерликпи же эс алуу маданиятынын төмөндүгүбү?

 Таштандыга толгон эс алуу жайлары. Кайдыгерликпи же эс алуу маданиятынын төмөндүгүбү?

Жайдын келиши менен жаратылыш койнунда эс алуу башталат. Бул учурда эл топ-тобу менен тоону же шаардан сырткаркы аймактарды көздөй жөнөшөт.

Бирок, тилекке каршы эс алуучулар көп учурда жаратылышка зыянын тийгизип жатышат. Тагыраагы, ар кайсы жерге таштанды ыргытылып, айлана-чөйрө акыр-чикирге толот. Биз бул макалада жаратылыштагы санитардык абал, эс алуу маданияты тууралуу баяндайбыз.

Ош аймактык экология башкармалыгы июнь айында облустагы эс алуу жайларынын санитардык абалын текшерип, тазалыкты сактоону эскертишкен. Жарыяланган бир айлыктын жыйынтыгын байкоо максатында, адистер башында белгиленген жерге кайтып барышты.

Алай районундагы эс алуу жайларынын көпчүлүгүндө таштандылар туш тарапка ыргытылганына күбө болосуң. Суунун, тоонун, боз үйлөрдүн айланасына желим баштыктар, бөтөлкө жана тамак-аш калдыктары ташталат.

«Бизге эс алуучулар көп келет. Бул жерге желим бөтөлкө, кол аарчы, памперстерди ташташат. Ошолордун бардыгын тазалаганы бир өзүм жетишпей калам. Тазалыкты сактоого кайын атам, кайын энем дагы жардамдашып турат. Күн сайын эрте менен жана кечинде акыр-чикирлерди тазалап чыгабыз. Жалпылап айтканда, күнүнө 4-5 мүшөк таштанды чыгат. Биздин эс алуу жайына эле ар күнү 80ге жакын адам эс алганы келет».

Ушундай эле көрүнүштү тилекке каршы облустун башка жаратылыш аймактарында дагы кездештирсе болот.

 «Биз азыр Ош облусундагы Кара-Суу районунун Кара-Чукур жайлоосундабыз. Бул жер эс алуучулар байма-бай келүүчү жайлардын бири. Өзүңүздөр көргөндөй боз үйлөр тигилген, жашыл аймак, салкын аба. Азыр эс алуучулар эң көп агылган мезгил болот. Ал эми бул жерде тазалык маселеси күч. Өзүңүздөр көргөндөй желим баштыктар, тамак-аш калдыктары жатканына күбө болобуз».

Мыйзам боюнча тиричилик калдыктарын айлана-чөйрөгө таштоого тыюу салынат. Ошол эле учурда жер тилке кимдин же кайсы мекеме-ишканынын карамагында болсо, ошол тарап тазалыктын сакталышына жооптуу деп белгиленген. Ал эми көзөмөлдү аймактык экология башкармалыктары жүргүзөт.

Ош аймактык башкармалыгынын жаратылыш ресурстары боюнча көзөмөл текшерүү кызматынын башчысы Абдисатар Исмаиловдун айтымында, жайкы туризм сезону башталганга чейин эс алуу жайлардын уюштуруучуларына экологиялык, санитардык талаптардын аткарылышы боюнча түшүндүрүү жүргүзүлөт. Андан ары ушундай эле иш-мерчем ай сайын уланат.

«Тазалыкты, суу коргоо зонасын коргоо керектиги боюнча эскетүүлөрдү берип турабыз. Андан кийин аткарылышын көзөмөлгө алабыз. Мына бүгүн үчүнчү жолу эс алуу жайларын текшергени келдик. Андай деле жылыш жок. Бирок, укук коргоо органдары дагы абалды жеринен көрүп кетти. Негизи элдин эс алуусуна толук шарт түзүлүүсү кажет. Эс алуу борборлору таштанды салуучу жайлары, ажатканасы менен уюштурлуусу маанилүү. Азыр көрүп жатпайсызбы, таштандылар бар. Алар боюнча да эскертип айтканбыз».

Тазалык сакталбаган көрүнүш аныкталса, алгач эскертүү берилет. Эгерде тартип сакталбаса, иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп, акчалай айып салынат же ишкер менен токой чарбасынын ортосундагы келишим жокко чыгарылат. Тактап айтканда, ишкер тарабынан ижарага алынган жер, кайрадан мамлекеттин карамагына кайтарылат.

Көйгөйдүн чечими кайда? Эксперттердин пикири

Эколог Каныбек Исабаевдин айтымында, бул маселе туризм тармагын гана артка тартпастан, жаратылышка дагы зыян алып келүүдө. Ар кайсы жерге ыргытылган желим баштыктар чирибей, 100 жылга чейин сакталат. Ал эми полиэтилен баштыктары аба менен сууну булгап жатат. Маселени чечүүнүн бир жолу бул – таштанды урналарын пайдалануу.

«Тазаланбаган акыр-чикирлердин айлана-чөйрөдө айланып жүрүүсү көпкө созулуп, ал жердин, суунун сапатын бузуп жатат. Ошондуктан урналарды колдонуу маселени жеңилдетет. Бирок анда да акыр-чикирлерди узак кармабай, күн сайын полигондорго жеткирип туруу кажет. Ошол эле учурда тамак-аш калдыктарына өзүнчө, кагаз буюмдарга жана пластик калдыктарга өзүнчө урна колдонулса анда кайра иштетүү тармагына колдонууга дагы жарайт»,- деди Исабаев.

Ал эми эколог Абдижапар Аккулов эс алуу маданиятын калыптандыруу кажет деп эсептейт. Себеби адамдар жаратылыш койнунда чер жазып эс алып, таштандыларын жыйнабай кетишет. Тилекке каршы, акыр-чикирлерди туш келди жерге ыргытуу адатка айланып калды. Ошондуктан «жапайы эс алуу» деген наамга жеткирбей туруп, коомдун өзүн-өзү тарбиялоосу маанилүү.

«Учурда эл массалык түрдө эс алууга чыгып жаткан учур. Бирок, пайдаланган буюмдарын кайра тазалап коюшпай, жеринде калып кетет.  Тагыраагы, адамдардын аң-сезиминде жылыш жок болуп жатат. Мисалы, чет элдик туристтерди байкасаңыз, алар үчүн таштандыны туш келди жерге ыргытып кетүү жат көрүнүш. Бизде тазалыкка үндөгөн идеология жетишпей жаткандай. Андыктан көйгөйдү ачык көрсөтүп, тарбияга чакырган маалыматтарды жайылтуу учурдан талабы болуп турат»,- деди Аккулов.  

 

Урналарды орнотуп, тазалыкка умтулган борбор

Оштун Алай районундагы «Rayan Resort» эс алуу жайы тазалык маселесин урналарды орнотуу аркылуу жакшыртты. Тоо койнунда жайгашкан борборго ички жана сырткы туристтер көп барат. Ошондуктан тазалык маселеси негизги көйгөйлөрдүн бири болгон. Эс алуучулар акыр-чикирлерди туш тарапка ыргытып, аларды жыйноого бир адам убара болчу. Азыр ар бир боз үйдүн кире беришинде тамак-аш калдыктары үчүн өзүнчө, башка буюмдарга өзүнчө урналар бар.

«Биз сырткы туристтерди да көбүрөөк тарталы деген үчүн тазалыкка жакшы көңүл бурууга аракет кылуудабыз. Чогулган акыр-чикирлерди түрүнө карап иргеп алып, полигонго жеткирип жатабыз. Учурда таштандыларды иргеп чыгуу эле убакытты алып жатат. Ошондуктан урналардын түрүн дагы көбөйтөбүз. Башкача айтканда, адамдар өздөрү эле таштандыларды иргеп сала турган мүмкүнчүлүктү түзүп жатабыз»,- деди эс алуу жайдын негиздөөчүсү Исламбек Ибрагимов.

Айлана-чөйрөнү коргоого салым кошкон экоактивисттер

Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактарда экоакивисттер ыктыярдуу иш алып барып келишет. Ош МУнун табият таануу факультетинин окутуучулары студенттер менен кошо бак-дарак тигүү, таштандыларды тазалоо акцияларына чыгып турушат.

Экоактивст Шааркан Ташбалтаеванын айтымында, тазалык акцияларын 10 жылдан ашык убакыттан бери уюштуруп келишүүдө. Эрте жаздан баштап июль айынын орто ченине чейин шаар ичинде жана шаардан сыртта жайгашкан эс алуу жайларын тазалап, бак-дарак отургузушат.

«2010-жылы өзүбүздүн коомго кандай салым кошо алабыз, жашап жаткан жерибизди кантип сактап калабыз деген ой менен акцияларды уюштуруп баштадык эле. Кийин табият таануу, туризм тармагында билим алып жаткан студенттерди катарыбызга коштук. Мисалы, студенттер шаарчасындагы дендрологиялык бакты бат-баттан тазалап турабыз. Студенттердин бардыгы ошол жерде эс алгандыктан таштанды тез эле көбөйүп кетет. Азыр жаштар жаратылышты коргоого өздөрү кызыкдар. Башта бизге ушунун эмне кереги бар деген ойдо болушат.  Бирок, дарак отургузуп, айлана-чөйрөнү акыр-чикирден арылтууга салым кошкондон соң көз караштары өзгөрөт», — деди экоактивист.

Тазалыкты сактоо маданиятына жетишкен Англия

Өнүккөн өлкөлөрдө жергиликтүү бийлик таштандыларга абдан маани берип, жергиликтүү тургандар менен келген конокторго ынгайсыздыкты жаратпоого камкордук кылып келишет.

Ныяз Ташматов Англияда жашап иштейт. Ал бул мамлекетте тазалык маселеси жөнгө салынганын айтат. Мыйзам боюнча таштандыны сууга, көчөгө ыргыткандарга айып пул салынат. Ошондой эле элдин тазалыкты  сактоо маданияты да жогору. Эс алуу жайларында адамдар керексиз буюмдарын сөзсүз урналарга салышат же өздөрү менен ала кетишет.

 «Бул Англиядагы парктардын бири. Мынтип адамдар иттерин алып келет, өздөрү эс алып кетишет. Тиги жакта бир киши китеп окуп отурат. Кээде күнгө жатып, кактанып эс алышат. Сейил бактын ичи таза. Таштанды урналары орнотулган, акыр-чикирлерди ушуга салышат. Негизи адамдар тазалыкты сактаганга аракет кылышат. Балдарын алып келип ойнотушат». 

Коомчулукту экологиялык көйгөйлөргө көңүл бурдуруу максатында жыл сайын 5-июнда айлана-чөйрөнү коргоо күнү белгиленип келүүдө. Бул күнү бак-дарактар тигилип, жашылдандыруу маселелси менен бирге, таштандыдан арылуунун жолун дагы карашат. Ал эми адистердин айтымында, экологияны сактоого багытталган бир күндүк аракет аздык кылат.

Мындан сырткары Кыргызстанда жер кыртышынын бузулушу, мөңгүлөрдүн эриши жана токойлордун кыйылышы сыяктуу орчундуу маселелер бар.

“Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюму өнөктөштүктө, Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К аталган долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

 

Материалдын автору Нуржамал Баргыбаева

Жанылыктар