Ташкентте кош бойлуу аялын муунтуп өлтүргөн киши 18 жылга соттолду

Ташкентте өткөн жылы октябрда тогуз айлык боюнда бар аялын муунтуп өлтүргөн жергиликтүү тургунга карата сот өкүмү чыкты. Бул туурасында жергиликтүү басылмалар кабарлады.
Айыпталуучу «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 18 жылга эркинен ажыратылды.
Өткөн жылы октябрда Ташкенттин Чиланзар районунда жашаган жубайлардын ортосунда жаңжал чыгып, күйөөсү аялын муунтуп өлтүргөн. Маалыматка караганда, тогуз айлык боюнда бар келин үч күндөн кийин көз жарышы керек болчу.
Сотто айыпталуучу күнөөсүн мойнуна албай, бул кылмышка аялынын агасын айыптады. Мындан тышкары ал жубайынын боюнда бар экенин билбегенин айтты.
Буга чейин жергиликтүү басылмалар келинге өз учурунда медициналык жардам көрсөтүлсө, анын төрөлө элек эгиз балдарын сактап калууга болмоктугун кабарлашкан.