Ташиев: жоокерлерибиздин баатырдык тайманбастыгы мекенди сактап калды

 Ташиев: жоокерлерибиздин баатырдык тайманбастыгы мекенди сактап калды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төргасы Камчыбек Ташиев Баткендеги акыркы кырдаал тууралуу маалымат берип, жалпы кыргызстандыктарга жана каза болгон аскерлердин жакындарына көңүл айтты. 

Атайын кызматтын жетекчиси өз сөзүндө жоокерлерибиздин баатырдык тайманбастыгы мекендин бүтүндүгүн сактап калгандыгын баса белгиледи.

“Ар бир кыргызстандыка, кыргыз элиме көңүл айтамын. Ушундай кайгылуу күндөр да өтөт. Каза болгон баатыр, жоокерлерибиздин туугандарына, жакындарына көңүл айтамын. Ата-энелер балдарын ата-мекенин коргосун деп биздин колубузга тапшырган эле. Ошол жоокерлер менин балам болуп калган. Мен жоокер балдарымды жоготтум, бирок мамлекетибизди сактап калдык. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн, бүгүнкү күндөгү баардык чек арасын өз калыбында сактап калдык. Баатырларга баатыр жоокерлерге таазим этемин. Ар бир менин жоокерлерим, өздөрүнүн акыркы минуталарына чейин элим жерим деп каза болду”,- деди Ташиев.

Ал абал оор жана туруктуу экенин, эки тарап тең техникасын артка тартып жатканын кошумчалады. Ошондой эле 2-3 күн ичинде абал турукташса гана тургундары көчүрүп келе турганын билдирди.

Жанылыктар