Ташиев ЖК депутаттарынын арасында оор кылмышка шектүүлөр бар экенин билдирди

 Ташиев ЖК депутаттарынын арасында оор кылмышка шектүүлөр бар экенин билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиев ЖК депуттарынын арасында оор кылмышка шектүүлөр бар экенин билдирди.

Ал мисал катары депутат Элвира Сурабалдиевага токтолуп, мамлекетке салык төлөбөй жүргөнүн белгиледи.

“Депутат Сурабалдиеванын үй-бүлөсүнө 3 миңден ашык контейнер иштеген “Кудайберген” базары таандык. Финансылык отчетто ар бир контейнерден 2-3 миң сомдон алынат деп жазылган. Бирок, иш жүзүндө 7 миң сомдон 15 миң сомго чейин чогултулат. Натыйжада бюджетке 70 млн сомго жакын салык төлөмдөрү түшпөй жатат. Бул факты боюнча протокол түзүлдү. Бул төлөмдөрдү төлөш керек, бул элдин акчасы. Парламент трибунасын колдонуп туура эмес маалыматтарды таратууну токтоткула”, – деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев ошондой эле айрым депутаттардын оор кылмыш иштери боюнча экеспертизалардын жыйынтыгы даярдалып жатканын кошумчалады.

“Эскерте кетейин депутаттарга карата иштер бар. Эртең дагы сөз кылып жүрбөгүлө. Азыр айрым депутаттарга карата оор кылмыштар боюнча кылмыш иштери даярдалып, экспертизанын жыйынтыгы даяр болуп калды. Жакында Башкы прокуратура иш козгосо, кайра адилетсиздик жөнүндө айтпагыла. Араңарда өтө оор иштерге шектүүлөр бар. Биз тыкыр иликтөө жүргүзүшүбүз керек. Жарандар тарабынан арыздар түшүүдө”, – деди ал.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар