Ташиев: селден жабыркаган 45 үй-бүлөгө миллион сомдон жардам берилди

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Сузак, Атабеков жана Сузак айыл өкмөттөрүндө селден жабыркаган жарандарга өкмөттүн тескемесинин негизинде акчалай жардам берилип жатат.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдиргендей, өкмөттүн тескемеси боюнча үйлөрүн жаңыдан кура турган 45 адамга бир миллион сомдон, үйлөрүн ремонт кыла турган 73 адамга 100 миңден акча берилди.
Мындан сырткары үйлөрүнүн короолору кыйрап, огороддору жараксыз болуп калган жарандарга 50 сомдон акча берилди.