Ташиев: кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон

 Ташиев: кыргыз-тажик чек арасында абал чыңалуу бойдон

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал боюнча маалымат берди. Ал абал дагы деле кооптуу экенин белгиледи.

“Тажикстан тараптан биздин 5 жерге чабуул коюлду. Анын төртөө аскердик обьект, бирөө калктуу аймак болуп саналат. Учурда эки аймактын облус жетекчилери, күч структуралары тарабынан сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Анын негизинде ок атуу токтоду. Бирок, абал дагы деле кооптуу бойдон”,-деди Ташиев.

Камчыбек Ташиев бул жолу катардагы жарандар тарабынан чабуул болгонун кошумчалады.

“Биринчи жолу ушундай кырдаал катталып жатат. Алар дагы деле жоголуп калган жок. Кайра курал колдонуп, биз тарапка кол салганы даярданып жатышы мүмкүн. Ошондуктан коопсуздукту сактоо боюнча күчөтүлгөн тартипте иш жүрүп жатат”,- деди.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда кыргыз-тажик тилкесинде ок атылган. Куралдуу чыр-чатактан улам Кыргызстандын эки аскер кызматкери жаракат алган.

Жанылыктар