Ташиев чек арадагы талаш тилкелер Өзбекстанга берилбегенин айтты

 Ташиев чек арадагы талаш тилкелер Өзбекстанга берилбегенин айтты

Жогорку Кеңеш бүгүн, 17-ноябрдагы жыйынында кыргыз-өзбек  чек арасын тактоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун ратификациядан өткөрүү маселеси каралууда.

Жыйында чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Камчыбек Ташиев Өзбекстанга кыргыз-өзбек чек арасындагы талаш тилкелеринин бир дагы сотых жери берилбегенин айтты.

“Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 миң 485 гектар жерди (Өзбекстанга өткөн) эске албаганда талаш жерлер бизге өттү. Буга чейин бир дагы өкмөт, мамлекет башчы Кемпир-Абаддын сол жээгинен кеткен каналды “куруп бересиң” же “компенсация бересиң” деп сурай алган эмес. Сураса дагы эч нерсе ала алган эмес. Биз буга жетиштик. Башында өзбек тарап “сол жээктеги каналдын ордуна финансылык компенсация берели” деди. Бирок финансылык компенсация албай турганыбызды билдирип, жер ала турганыбызды айттык. Анын негизинде Гавасайды (12 миң 849 гектар жер) алып отурабыз”, – деди Ташиев.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар