Таш-Көмүр милициясы мал уурулукка шектүүнү кармады

Таш-Көмүр милициясы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында мал уурулукка шектелип, Аксы районунун 1992-ж.т. А.Т. тургуну кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.
Жабырлануучу 2021-жылдын 10-декабрына караган түнү саат 2:00 чамасында үйүнүн короосунда байланып турган жеринен 6 баш кара малын белгисиз кылмышкерлер уурдап кеткенин, натыйжада 500 000 сомго жакын зыянга учураганын билдирген.
Уурдалган мал жандыктары толугу менен ээсине кайтарылып берилди. Ал эми шектүү 2 айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.