Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

 Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү белгиленди

Кыргызстанда бүгүн, 7-ноябрь Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү.

Бул күнү Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов “Ата-Бейит”  улуттук тарыхый-мемориалдык комплексине барды.

Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев, Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана башкалар менен биргеликте алар 1916-жылдагы трагедиялуу окуялардын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына, саясий репрессиянын курмандыктарына арналган эстелик мемориалына жана жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бейитине гүл коюшту.

Алардын элесине багышталып куран окулду.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар