Тармактык комитет Каныбек Иманалиевди билим берүү министри кызматына жактырды

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.
Комитеттин жыйынында Каныбек Иманалиев билим берүү тармагын өркүндөтүү боюнча өзүнүн ой-максаттары жана сунуштары тууралуу айтты. Талапкер чукул арада билим берүү тармагын реформалоо боюнча концепция даярдаларын белгилеп, билим берүүдөгү негизги көйгөлөргө токтолду.
Алсак, бүгүнкү күндө Кыргызстандын билим берүү системасынын 60% дүйнөлүк стандарттарга жооп бербестигин белгилеп, бул багытта көп өзгөртүүлөрдү жасоо керектигин айтты.
“Учурда 600миң бала бала бакчага барбайт. Университетте окуган студентке 5 миң сом бергенден көрө, бакчадагы балага 500 сом берсек пайдалуу. Ал эми кесиптик билим берүүгө 2 млрд сом кетет экен, бирок ага окуучулардын 15% барат. Кыргызстанда 73 ЖОЖ бар, бирок 2030-жылдагы дүйнөдөгү эң керектүү 10 кесип болсо, биздин окуу жайлардын бири да ал кесиптер боюнча кадр даярдап чыгарбайт”, – деди Каныбек Иманалиев.
Депутаттар билим берүү жаатындагы маселелер боюнча суроолорду узатып, жыйынтыгында Каныбек Иманалиевди билим берүү жана илим министри кызматына дайындоого макулдук берди.