Танк, пачкалаган акча жана түрдүү курал-жарак сактаган жаран кармалды

УКМК «Умут и Ко» жоопкерчилиги чектелген коомунун ээлеринин бири — 1970-жылы туулган А.Ж.Т.ны кармады. Ал ок атуучу курал-жарак жана жардыруучу заттарды мыйзамсыз сактаган деп айыпталууда. Тинтүү учурунда А.Ж.Т.нын үйүнөн жана иш бөлмөсүнөн түрдүү курал-жарак, көп сандагы ок-дары, зооттолгон чалгын-күзөт унаасы (танк), жардыруучу заттар жана акча табылды. Шектүү УКМКга жеткирилди.