Талиева: Жаандан улам Баткенде ок, снаряд тийген үйлөргө суу кирип жатат

 Талиева: Жаандан улам Баткенде ок, снаряд тийген үйлөргө суу кирип жатат

Бүгүн, 20-октябрдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Камила Талиева чек ара чырында үйлөрү жабыркаган жарандардын үнүн жеткирди.

Ал Лейлек районунда кечээ, 19-октябрда жаан жааганда снаряддан жабыркаган турак жайларга суу киргенин билдирди.

“Жаштык айылында снаряддан 19 үй жабыркаган. Кечээ кар жааганда үйлөрдүн шыптарынан тамчы өтүптүр. Бул боюнча видеолорду көрсөңөр болот. Жергиликтүү тургундар шарты жок, суук үйлөрдө жашап жатышат.  Мен бул маселени Бакыт Эргешовичке (ред- Бакыт Төрөбаев) дагы жеткирдим”,-деди эл өкүлү.

Депутат ошондой эле, чек ара жаңжалында үйү өрттөнгөн жарандар дагы бар экенин эске салып, алар кийим –кече, гумжардамдан кайналып жатышканын белгиледи.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар