Таласта жубайын өлтүргөн милиция кызматкери 12 жылга камалды

Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоонун мурдагы кызматкери жубайын өлтүргөнү үчүн 12 жылга эркиндигинен ажыратылды.
Облустук соттун маалымат кызматынан билдиришендей, Ж.А.К. кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык күнөөлүү деп табылып, 12 жыл 6 айга камалды. Ал жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.
Белгилей кетсек, соттолуучунун жубайы 2021-жылдын 29-декабрында токмоктон улам каза болгон. Анын өлүмүнө шектелип жолдошу кармалган болчу.