Таласта жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды

 Таласта жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды

Таласта жол кырсыгынан 1 адам каза болуп, 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кара-Буура району. Суусамыр – Талас – Тараз унаа жолунун 163-чакырымында Mercedes Benz Sprinter үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып бакты сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 33-жаштагы А.К. аттуу эркек киши каза болуп, 5 эркек киши ар кандай жаракат алышкан. Жерине 4 куткаруучу тартылып, 2 жабыркаган жаранды унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жанылыктар