Таласта унаа бакты сүзүп, жубайлар тирүүлөй күйүп кетти. Видео

 Таласта унаа бакты сүзүп, жубайлар тирүүлөй күйүп кетти. Видео

Тараз-Талас-Суусамыр унаа жолунун 168-чакырымында Daewoo Nexia үлгүсүндөгү жеңил унаа өрттөнүп кеткен. Окуя кечээ, 19-октябрда катталгандыгы айтылууда. 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, жолдун жээгиндеги бакты сүзгөн. Натыйжада унаадан өрт чыккан.

Боо-Терек айылындагы кырсыктын кесепетинен 65 жаштагы Б.К. жана 62 жаштагы Ж.К. аттуу жубайлар каза болгон.

Куткаруучулар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарып, Кара-Буура райондук оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирип беришти.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар