Таласта УКМКнын жаңы имараты ачылды

 Таласта УКМКнын жаңы имараты ачылды

Талас облусунда УКМКнын Кара-Буура райондук бөлүмүнүн жаңы имараты пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземине УКМК төрагасы Ташиев, президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бактыбек Нарбеков, Кара-Буура районунун башчысы Бектур Сагымбаев, ошондой эле ошондой улуттук коопсуздук органдарынын ардагерлери катышты.

 “Жаңы курулган имарат кызматкерлердин иштөө шарттары үчүн талапка жооп берген жана керектүү заманбап жабдуулар менен толук камсыздалган”,-деп айтылат маалыматта.  

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар