Таласта тергөөчү пара алып кармалды

 Таласта тергөөчү пара алып кармалды

Талас облусунун ИИБнын тергөө кызматынын тергөөчүсү опузалап пара алуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Кармалган тергөөчү, “С.Б.” аттуу жарандын сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 300 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Маалыматта айтылгандай, 7-декабрь күнү жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, 50 миң сом  алып жаткан жеринен Талас облусунун ИИБнын тергөө кызматынын ага тергөөчүсү, милициянын капитаны “А.Д.Д.” колго түшкөн

Кармалган жаран УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар