Таласта  “Чыңгыз-Ордо” маданий комплексин курууда 6 млн сом ашыкча бааланганы ачыкталды (сүрөт)

 Таласта  “Чыңгыз-Ордо” маданий комплексин курууда 6 млн сом ашыкча бааланганы ачыкталды (сүрөт)

Талас облустук Капиталдык курулуш башкармалыгынын (ККБ) кызматкерлеринин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай,  Кара-Буура районунун  Шекер айылындагы “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплексин курууда аткарылган иштердин көлөмүн ашыкча бааланган.

2018-жылы Талас облусунун ККБ тарабынан «Чыңгыз-Ордо» тарыхый-маданий комплексин куруу боюнча тендердин жыйынтыгында жеңүүчү деп табылган «Бийиктик Инвест» ЖЧКсы менен белгисиз себептер менен аяктоо мөөнөтү көрсөтүлбөгөн, 62 млн. 73 миң сомго келишим түзүлгөн.

Объекттин курулушу башталгандан ушул күнгө чейин подрядчы тарабынан болгону 34 миллион сом жумшалган. Аткарылган иштердин көлөмү тиешелүү тартипте актыларды түзүү менен буйрутмачы тарабынан эч кандай эскертүүсүз кабыл алынган.

Атайын уюштурулган “Чыңгыз-Ордо” тарыхый-маданий комплексинин иш көлөмүн контролдук өлчөөнүн жыйынтыгында, иштердин айрым көлөмүн ашыкча 6 млн 179 миң 952 сомго бааланган.

Мындан тышкары, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин адисинин катышуусунда подрядчы тарабынан белгиленген көлөмдөгү иштерди сапатсыз аткаруу жана ал ишти буйрутмачы кабыл алган факты ачыкталды.

Ушул жылдын 10-декабрында Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, Талас облусунун ККБ мурдагы жетекчиси, азыркы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаментинин башкы адиси “Н.У.А.”, жана “Бийиктик Инвест” ЖЧК подряддык уюмунун директору “С.К.А.” кылмышка шектүү катары кармалып, Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына эки айлык мөөнөткө киргизилди.

Учурда тергөө уланууда.

 

Жанылыктар