Таласта бийиктиги 12 метрди түзгөн Манастын эстелиги тургузулат

Талас шаарынын борборуна Манастын эстелиги орнотулат. Учурда тийиштүү иш-чаралар жүрүп жатат.
Мэриянын басма сөз кызматынан билдиргендей, эстеликтин көчүрмөсү 2017- жылдын август айында Түркиянын Стамбул шаарына, дагы бир үлгүсү КР Түркиядагы Элчисинин демилгеси менен Анкара шаарына тургузулган. Бүгүнкү күндө бийиктиги 12 метрди түзгөн (өзү 6 м, постаменти менен 12м) эстеликтин түп нускасы Талас шаарынын борборуна орнотулары белгилүү болду. Эстеликтин авторлору КРнын эл сүрөтчүсү, белгилүү скульптор Садабек Ажиев жана чебер скульптор Токталы Мурзакаримов.
21-март Нооруз майрамына карата Айкөл Манастын эстелигинин расмий ачылышы күтүлүүдө.
Белгилей кетсек, КР Президентинин Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Нарбековдун эки тараптуу сүйлөшүүсүнүн натыйжасында жалпы наркы 8,7 млн сомду түзгөн эстелик, жеке ишкер Темирлан Сарлыкбек уулу тарабынан белек катары берилди. Ал эми эстеликти алып келүү жана постаментин даярдоо, орнотуу иштерине “Альянс Алтын” өнүктүрүү фондунан 1 160 000 сом акча каражаты каржыланды.