Талантбек Бекташов юстиция министринин орун басары болду

 Талантбек Бекташов юстиция министринин орун басары болду

Талантбек Бекташов юстиция министринин орун басары болуп дайындалды.

Министрликтен билдиришкендей, кечээ, 27-июнда Бекташов эмгек жамаатына тааныштырылды.

Талантбек Бекташов 1986-жылы туулган, жогорку билимдүү. Буга чейин президенттин администрациясынын Укуктук камсыздоо бөлүмүндө бөлүм башчы – жетекчинин орун басары болуп иштеген.

Жанылыктар