Талант Мамытов кызматын тапшырды

 Талант Мамытов кызматын тапшырды

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетти. Бул тууралуу бүгүнкү парламенттеги жыйында белгилүү болду.

Мамытов бул чечимди өзү кабыл алганын белгиледи.

“Бул менин жеке чечимим. Ага жакында парламентте болгон окуя себеп болду. Өз ыктыяры менен каалагандар Баткенге бардык. Мен ошол кезде эле өз арызымды жазып, Баткенге кетейин деген оюм бар эле. Бирок депутаттардын суранычы менен убактылуу өз милдеттеримди орун басарым Жамиля Исаевага жүктөдүм. Мен өз ыктыярым менен төрагалык кызматтан кетүүнү чечтим. Мени туура түшүнөсүңөр деп ишенем”, – деди ал.

Талант Мамытов Жогорку Кеңештин  VII чакырылышына төрага болуп бир жыл мурун шайланган.

Жанылыктар