Тайырбек Сарпашев абактан чыкты

Мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин баш коргоо чарасы өзгөрттү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Сарпашевдин бөгөт чарасы сыртка чыкпоо тил катына өзгөртүлгөн. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту кечээ, 10-январда чыгарган.
Эске салсак, Тайырбек Сарпашев Кумтөр боюнча айыпталып, камакка алынган.