Тайфундан улам Япониянын түштүгүндө 250 мм жаан жаашы күтүлүүдө

 Тайфундан улам Япониянын түштүгүндө 250 мм жаан жаашы күтүлүүдө

Метеорологдор тайфундан улам Япониянын түштүгүндө 250 миллиметрден кем эмес жаан жаай турганын билдиришти. Бул тууралуу Известия сайты жазды.

Божомолдорго караганда, жаандын эң көп басымы Окинава префектурасына туура келет. Өкмөт буга чейин нөшөрлөгөн жаандан улам аймактын тургундарын этият болууга чакырган. Бийлик ошондой эле жер көчкү, сел коркунучу бар экенин эскерткен.

Тайфундун эпицентринде шамалдын ылдамдыгы секундасына 45 метрден, 60 метрге чейин жетет.

10-сентябрда “Муйфа” тайфуну Тайванды жана Япониянын Окинава префектурасына жакындап калганы айтылган.

Ал эми 4-сентябрда Япониянын түштүгүндөгү Окинава префектурасында “Хиннамнор” тайфунунан улам болгон бороондон кеминде 4 миңден ашык турак жай электр жарыгысыз калган.

Жанылыктар