Төрөттөн каза болуу фактысы көбөйдү. Себеби эмнеде?

 Төрөттөн каза болуу фактысы көбөйдү. Себеби эмнеде?

Сүрөт интернеттен алынды

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2020-жылы өлкө боюнча жалпы 57 эне төрөт учурунда каза болгон. Ал арада адистер бул кейиштүү көрсөткүч экенин белгилешүүдө. 

Каарманыбыздын бир тууган сиңдиси Бактыгүл 35 жашында төрөттөн каза болуп калган. Ал бешинчи наристесин күтүп жаткан.  

«Үч уул, бир кызы бар болчу. Акыркы төрөтүндө кыз төрөлгөн. Бирок төрөттөн кийин ымыркайдын тону түшпөй, ичинде кан уюп калган экен. Ошондон сиңдим каза болуп калды», — деди каарманыбыз. 

Бактыгүл айылдагы медициналык бөлүмдө көз жарган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактоого аракеттенишкени менен кеч болуп калган.

«Дарыгерлер аракет кылышкан. Айына жетип калган маалда “биз бул жерде төрөтө албайбыз, райондогу төрөт үйүнө бар” дешкен экен. Сиңдим райондогу бейтапканада 10 күн жаткандан кийин айылга кайра кетип калат. Ал жактагы врачтарга оорусу тууралуу эч нерсе айтпай келе бергени үчүн өзү себепкер болуп калган. Ошон үчүн эч кимдин үстүнөн даттана алган эмеспиз».

Эжесинин айтымында, Бактыгүл өзү да миома оорусу бар экенин билген. Ошентсе да айылдагы турмуш-шартынан улам дарылануу курсунан өткөн эмес. Ооруканага бара албаган соң элдик медицинадагы «чүпүрөк, кыштарды ысытып коюу» сыяктуу жолдор менен өзүн дарылай берген. 

Бактыгүлдүн мурдагы төрөттөрү да оор өтчү экен: «Негизи Бактыгүл аябай күчтүү аял болчу. Оор жумуштарды көп жасачу. Күйөөсү менен чогуу чөп чаап, аны ташып жардам берчү. Ошол боюнда бар кезде да үч бөлмөлүү үй салып жатышкан эле. Чоң салмактагы таштарды көтөрүп келип, үйдүн пайдубалын өзү кошо тургузушкан. Жаны ооруса да тиричилик менен алышып жүрүп акыры төрөтүндө көз жумду. Салынып жаткан үйү да бүтпөй калды», — деп сөзүн аяктады каарманыбыз.   

2021-жылы Ош облусунда тогуз аял төрөттөн каза болду

Ош облустук Адам репродукциясы борборунун акушер-гинекологу Айканыш Кадырбекова кош бойлуу кездеги жоопкерчилик эненин өзүндө жана аны курчап турган үй-бүлөсүндө дейт. Ал аялдарга керектүү делген кеп-кеңештери менен бөлүштү.

Ал эми Аймактык үй бүлөлүк дарыгерлер тобунун энеликти коргоо боюнча координатору Жазгүл Жолдошева төрөттөн каза болуунун санын азайтып же алдын алууга болот дейт. Бирок мындай фактыларды биротоло жоюу мүмкүн болбой келет.

«Төрөттөн каза болуунун себептери ар кандай. Негизгиси үй-бүлөлүк шартынан көз каранды. Көбүнесе кан кетүү же кан басымдын жогорулашы башкы себеп болуп калат. Бирок, бизде министрлик тарабынан клиникалык протоколдор жакшы иштелип чыккан. Акушер-гинекологдор баары окутулган. Кан кетип жаткан учурда карап турбайбыз. Тез арада канды токтотуу аракеттерин көрөбүз. Адамдын 5 литр канын беш мүнөттүн ичинде жоготуп алышы мүмкүн. Ошондуктан дарыгерлерди алдын ала окутуп, төрөткө даярдайбыз. Кан токтобой, дарылар таасир этпей жатса операцияга алып, жатынга барган кан-тамырларды бууйбуз», — деди Жолдошева.

Ал ошондой эле Кыргызстанда энелердин өлүмү көп катталарын тастыктады. 

«2021-жылы Ош облусундагы жети район боюнча төрөттөн тогуз эне каза болду. 100 миң аял төрөсө, бул санга карата өлүмдүн көрсөткүчү 70тен ашпашы керек. Ал эми Кыргызстан боюнча 57 аялга тогуз өлүм фактысы туура келип жатат. Бул чоң көрсөткүч».

Эне жана анын үй-бүлөсү жоопкерчиликти сезиши керек

Жазгүл Жолдошеванын айтымында, кош бойлуу аял алгач айыл жергесиндеги ФАПка (фельдшер-акушердик пункт) барып көрүнүшү керек. Адаттан тыш көрсөткүчтөр бар болсо, анда аялды Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна (орусча: ГСВ) жөнөтүлөт. Эгер ал жакта анализдери жакшы эмес чыкса, клиникалык жетекчи менен байланышып, андан ары облустук төрөт үйлөрүнө которушат. 

Ошондой эле, ФАПтагылар кош бойлуу аялдарды каттоого аларда ден соолугунун абалына жараша үч этапка бөлүшөт. Биринчи этаптагылар — ФАПта төрөй алчулар. Экинчи этаптагылар — райондук төрөт үйлөрүнө жөнөтүлүшү керек болгондор. Ал эми үчүн этаптагылар — облустук төрөт үйүнө жөнөтүлчүлөр. 

«Биз азыр өлүмдөн кийин гана аны анализдеп, жыйынтык чыгарбастан, өлүмдүн алдын алууга киришүүдөбүз. Ар бир айдын 10-күнүндө отурум өткөрө турган болдук. Балким эненин ооруканага келүүгө шарты жоктур деп дарыгерлерди кош бойлуунун үйүнө жөнөтүүдөбүз. Дарыгер барып аялдын кан басымын текшерип, керектүү дарыларды берип, ден соолугунан кабар алып турат. Зарыл болсо стационарга өз убагында жаткырып, болбосо үй шартында дарылап, өлүмдүн алдын алууга болушунча аракет кылуудабыз», — деди Жолдошева.

Эң башкысы кош бойлуу аял өзү, анын үй-бүлөсү жана жакындары жоопкерчиликти сезиши керек. Алар баары дарыгер менен чогуу иш алып барганда гана төрөт учурундагы кырсыктардын алдын алуу мүмкүн деп кошумчалайт ал.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, 2020-жылы өлкө боюнча жалпы 57 эне өлүмү катталган. Алардын ичинен  эң жогорку көрсөткүч Жалал-Абад облусунда — 16 эне өлүмү, эң төмөн көрсөткүч — Ош шаары жана Нарын облусунда болгон — үч өлүм фактысы. Төрөттөн көп каза болгон учур катары 2014-жыл эсептелет. Анда жалпы 81 эне каза болгон.

Даярдаган: Кулпунай Мамасалиева

Жанылыктар