Төрөбаев: Мамлекет кол тийгис запасын өзү өндүргөн буудай менен толуктоого ниеттенүүдө

 Төрөбаев: Мамлекет кол тийгис запасын өзү өндүргөн буудай менен толуктоого ниеттенүүдө

Мамлекет кол тийгис запасын өзү өндүргөн буудай менен толуктоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу  Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда өткөн көчмө жыйында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн стратегиялык запасы катары өздүк дан азыктарын өстүрүү боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга байланышкан актуалдуу маселелер талкууланды. Бакыт Төрөбаев белгилегендей, эгерде мурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондуна буудай Россия Федерациясынан сатылып алынса, азыр абал өзгөрүшү керек.

“Пилоттук долбоордун алкагында импорттук буудайды сатып алууга бөлүнгөн каражаттарды өздүк потенциалды чыңдоого багыттоо пландаштырылууда. Дыйкандарга таптакыр жаңы структура сунушталууда, ага ылайык, дан импортунан көз карандылыкты жоюу иретинде азык-түлүк буудайынын керектүү көлөмүн өстүрүү милдети турат», – деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.

Ал белгилегендей, расмий маалыматтар боюнча Кыргыз Республикасы Мамлекеттик материалдык резервдер фондун толтуруусу үчүн жыл сайын 100 миң тоннага жакын буудай импорттолот.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар