Төкмө акын Болот Назаров бир айга камалды

 Төкмө акын Болот Назаров бир айга камалды

Төкмө акын Болот Назаров бир айга камалды. Москва райондук сотунун чечимине ылайык, ал 9-декабрга чейин камакта болот.

Эске салсак, Болот Назаров Москва районунда өспүрүмдүн жылкысын тартып алууга шектелип кармалган.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 7-ноябрында милицияга Беловодское айылынын М.И. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында Чон-Арык айылында белгисиз эркек киши 14 жаштагы баласынын минип жүргөн жылкысын сүрөткө түшүп алайын деп сурап, андан соң балага карата күч колдонуп, жылкысын минип кетип калгандыгын билдирген.

Аталган факт боюнча «Тоноо» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

9-ноябрда кылмыш жасаган адам аныкталып, ал 1993-жылы туулган Н.Б. аттуу жаран экендиги такталган.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар