Төө-Ашуудагы тоннель убактылуу жабылды

Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель бүгүн саат 14:05тен тартып эки тараптуу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө ылайык, тоннель оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылган.
ӨКМ айдоочуларды түшүнүү менен кабыл алууга чакырат жана жолдун ачылышы тууралуу маалыматты “112” номеринен тактап алса болорун эске салат.