Түштүк Кореянын президенти Түндүк Кореяга каршы санкцияларды киргизүү тапшырмасын берди

 Түштүк Кореянын президенти Түндүк Кореяга каршы санкцияларды киргизүү тапшырмасын берди

Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль континенттер аралык баллистикалык ракетанын учурулганына байланыштуу Түндүк Кореяга каршы жаңы санкцияларды даярдоого буйрук берди. Мындай жарлыкты ал өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

Президент ошондой эле Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен коргонуу даярдыгын жогорулатууга жана Түштүк Корея АКШ менен мурда макулдашылган Түндүк Кореянын кеңейтилген тоскоолдугун күчөтүү планын ишке ашыруу тапшырмасын берди.

Президент мындан тышкары Түштүк Корея, АКШ жана Япониянын коопсуздук тармагындагы кызматташтыгын бекемдөө зарыл экенин белгиледи.

Кечээ, 17-ноябрда Yonhap News Түндүк Корея баллистикалык ракетасын Жапон деңизине карай учурганын кабарлады.

Буга чейин, 9-ноябрда Япония өкмөтү Түндүк Кореяга ракетанын Япония деңизи багытында учурулганына байланыштуу нааразычылык билдирген.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар