ОшТВ телерадиокомпаниясы

Түштүк Кореянын экс-президенти камактан бошойт

 Түштүк Кореянын экс-президенти камактан бошойт

Түштүк Корея өкмөтү мурда 24 жылга эркинен ажыратылган өлкөнүн экс-президентине ырайым кылат.  69 жаштагы Пак Кын Хе келе жаткан майрамдардын урматына, ошондой эле ден соолугуна байланыштуу мунапыс тизмесине киргизилген. Ал быйыл далы жана бел оорусунан үч жолу ооруканага жаткырылган. Ага дагы операция жасалды.

Түштүк Кореянын  юстиция министри Парк Беом-Кье 24-декабрдагы брифингде  мурдагы президент 31-декабрдан тарта мунапыс бериле турган 3 миңден ашуун адамдын бири экенин айтты.

“Жалпысынан өкмөт 3094 кишиге ырайым кылат.  Анын ичинде кылмыш кылгандар, өзгөчө абакта камалгандар, экс-президент, шайлоо учурунда кылмыш кылгандар жана башкалар бар”-, деди министр.

Эске сала кетсек, Пак Кын Хе 2013-жылы Түштүк Кореянын лидери болгон. 2017-жылы Пак айым коррупцияга айыпталып, бир жылдан кийин мамлекеттик сырды ачыкка чыгарган, опузалап акча талап кылган, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана пара алган деп кармалган.

Жанылыктар