Түштүк Корея Кыргызстандан эмгек мигранттарын кабыл ала баштады    

 Түштүк Корея Кыргызстандан эмгек мигранттарын кабыл ала баштады    

Түштүк Корея Кыргызстандан эмгек мигранттарын кабыл ала баштады. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бир күн мурун бөлүмдүн башчысы Кудайберген Базарбаев Корея Республикасына ишке орношуу боюнча уюштурулган ишке орноштуруу программасынын катышуучулары менен жолугушкан. Ал белгилегендей, жумушка уруксат берүү туруктуу негизде жүргүзүлүп, эмгек келишиминин негизинде жумушчу күчүн жөнөтүү жана кабыл алуу өкмөткө караштуу Мамлекеттик миграция кызматы менен  Корея Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы миграция кызматы жана иш менен камсыз кылуу жана эмгек министрлигинин  ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун алкагында   ишке ашат.

«Кыргызстандын жарандарын Кореяга жөнөтүүнү Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борбору ишке ашырат. COVID-19га байланыштуу чектөөлөргө ылайык,  кыргызстандыктарды Кореяга жөнөтүү корея тарабынан 2020-жылдын март айында токтотулган. 2021-жылдын 29-декабрынан тарта өлкө кыргызстандыктарды эмгек келишими боюнча кабыл ала баштады», — деди ал.

Кудайберген Базарбаев кошумчалагандай, Эмгек министрлиги Бишкек-Сеул каттамы боюнча чартердик рейс уюштуруу боюнча макулдашууга жетишкен.

«Бүгүнкү күндө 11 адам эмгек келишими боюнча иштей баштады,  дагы 104 адам санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткаргандан кийин жумушка кетүүсү күтүлүүдө», – деди ал.

Ведомствонун маалыматы боюнча, акыркы 15 жылда Корея Республикасында 3,5 миң адам жумуш менен камсыз болгон, алардын көбү жеңил өнөр жай жана электротехника тармагында. Учурда корей тилин билүү деңгээлин аныктоочу тестирлөөгө катышууну каалагандардан документтерди кабыл алуу уланууда. Сынакка катышуунун эрежелери менен толук таанышууну каалагандар Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин алдындагы ишке орноштуруу борборуна кайрылса болот.

Жанылыктар