Түштүк аймагындагы туристтик конок жайлардын ээлери жана ишкерлерди окутуу жүрүүдө

 Түштүк аймагындагы туристтик конок жайлардын ээлери жана ишкерлерди окутуу жүрүүдө

Түштүк аймагындагы туристтик конок жайлардын ээлери жана ишкерлерди окутуу жүрүүдө. Тактап айтканда, эл аралык ПЭРЭТО долбоорунун каржылоосу менен жашыл технологиялардын артыкчылыктуу багыттары тааныштырылып, тажрыйба алмашуу жүрүп жатат.

“Соңку жылдары табияттын өзгөрүшү менен электр энергиясы жана суу менен камсыз кылуу тартыш болуп көйгөйлөр көп жаралып келүүдө. Мындан улам туристтик жайлардын күн батерияларына өткөрүп,жашыл технолгияларды өнүктүрүү зарылдыгы бар”,-деди ПЭРЭТО долбоорунун эксперти Бакыт Аскарбеков.

Долбоордун алкагында Бишкек жана Ош шаарларындагы бизнестин өкүлдөрүн жашыл каржылоо менену туризм боюнча эл аралык тажрыйбага окутуу колго алынган. Бүгүнкү күндө өлкөнүн туристтик аймактарында 10 ПЭРЭТО консультациялык кызматтары ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат

Жанылыктар