ТҮРКСОЙ уюму 2023-жылды “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады

 ТҮРКСОЙ уюму 2023-жылды “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады

ТҮРКСОЙ эл аралык уюму 2023-жылды жалпы түрк дүйнөсүндө “Бакен Кыдыкеева жылы” деп жарыялады. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору болгон Бурса шаарында ТУРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 39-жыйыны өттү.

Жыйынга Кыргызстан, Азербайжан, Өзбекстан, Казакстандын Түркмөнстан жана башка өлкөлөрдүн маданият министрлери жана эл аралык ТҮРК-ПА уюмунун катышуусунда болуп, анда 2023-жылы түрк дүйнөсүндө масштабдуу белгилене турган иш-чаралар талкууланды.

Кыргызстандын атынан советтик кыргыз театр жана кино актрисасы СССРдин эл артисти, Кыргыз ССР Кинематографисттер союзунун мүчөсү Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгы белгилөө сунушу киргизилип, ал бир добуштан колдоо тапты.

Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 20-октябрда Төкөлдөш айылында (башка маалыматтар боюнча 1920-жылдын 20-сентябрында) туулган. Жети классты аяктагандан кийин, 1936-жылы ал өзүнүн чыгармачылык ишмердүүлүгүн жаш көрүүчүлөр театрда өнүктүрүүнү чечет. Бакен Кыдыкеева өзүнүн таланты менен жаркырап, улуттук кинону көркүнө чыгарды.

Анын чыгармачыл өмүр баянында жүздөн ашык театр жана кино ролдору бар. Ал “Салтанат” аттуу алгачкы улуттук көркөм тасмада башкы ролду ойногон биринчи актриса болгон. Ал Ч.Айтматовдун чыгармасы боюнча биринчи жолу коюлган “Бетме – бет” спектаклинде биринчи болуп Сейденинин ролун ойногон.

Бакен Кыдыкеева катышкан тасмалар: “Салтанат”, 1955-ж., “Токтогул”, 1959-ж., “Ашуу”,1961-ж., “Ак тоолор”, 1965-ж., “Биринчи мугалим”, 1965-ж., “Саманчынын жолу”, 1967-ж., “Жрогонун жүрүшү”, 1968-ж., “Караш-караш окуясы”, 1969-ж., “Комиссар”, 1969-ж., “Бабалар сыры”, 1972-ж., “Көчө”, 1973-ж., “Жолугушуулар жана коштошуулар”, 1974-ж. ж.б.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар