Түркмөнстандын экс-президентинин жубайы «Эмгек сиңирген килемчи» наамын алды

 Түркмөнстандын экс-президентинин жубайы «Эмгек сиңирген килемчи» наамын алды

Түркмөнстандын экс-президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун жубайын түркмөн парламенти «Эмгек сиңирген килемчи» деп тааныган токтом чыгарды.

Токтомдо экс-президенттин жубайы Огулгурек Бердымухамедова өлкөнүн эгемендүүлүгүн чыңдоодо опол тоодой эмгек кылып, улуттук килем токуу искусствосун өнүктүрүп, көптөгөн жылдар бою эмгектенгени айтылат.

Ошондой эле учурдагы президенттин энеси Ахал облусундагы Гектепе килем ишканасына көп эыл эмгектенгени, килемдердин жаңы көчөттөрүн, оюмдарын иштеп чыгууда уникалдуу технологияларды колдонгону белгиленген.

Түркмөн президентинин энеси Огулгерек Бердымухамедова тууралуу маалымат интернет айдыңында дээрлик жокко эсе. Жолдошу Гурбангулы Бердымухамедовдун президенттик мөөнөтүндө дээрлик публика алдына чыккан эмес. Анын расмий жолугушуудагы алгачкы сүрөтү Түркия президенти Эрдогандын Ашхабаддагы визити учурунда, 2021-жылы ноябрь айында түркиялык маалымат каражаттарында жарыяланган. Анда түрк президенти Эрдоган жубайы Эмине Эрдоган менен Түркмөнстанга расмий визит келген.

Жанылыктар