Түркмөнстандагы президенттик шайлоодо Сердар Бердымухамедов жеңишке жетти

Түркмөнстанда 12-мартта өткөн мөөнөтсүз президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгы жарыяланды. Ага ылайык, өлкөнүн кызматтан кетип жаткан президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов добуштардын 72,97% алып, жеңишке жетти.
Шайлоого Бердымухамедовдон тышкары буга чейин көпчүлүккө анча таанымал эмес дагы сегиз талапкер катышкан. БШКнын маалыматына караганда, экинчи орунга добуштардын 11,09% алган Хыдыр Нуннаев жайгашса, үчүнчү орунга 7,22% добуш менен Мары облусунун башчысынын орун басары Агаджан Бекмырадов жайгашты. Калган алты талапкер шайлоочулардын 1-2% гана добушун алышкан.
Гурбангулы Бердымухамедов мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүү чечими тууралуу быйыл февралда айткан. Мамлекет башчысы бул чечимин “мамлекетти башкарууда жаштарга жол берүү” каалоосу менен түшүндүргөн.
Сердар Бердымухамедов 40 жашта. Ал 2021-жылдын февраль айынан бери Түркмөнстандын вице-премьер-министри болуп иштеп, ошондой эле Эл аралык ахалтек жылкы өстүрүү ассоциациясын жетектейт.
Көптөгөн серепчилер дүйнөдөгү эң жабык өлкөлөрдүн бири болгон Түркмөнстандагы шайлоону азыркы президент Гурбангулы Бердымухамедовдун бийликти өткөрүп берүүсүнүн формалдуу көрүнүшү катары баалашууда.
Түркмөнстан 1991-жылы эгемендүүлүк алгандан бери укук коргоочулар ал жакта өткөн бир дагы шайлоону эркин деп тааный элек. Өлкөдө саясий оппозиция жок, маалымат каражаттары мамлекеттин көзөмөлүндө.