Түркиянын Газиантеп шаарынан дагы алты кыргызстандык эвакуацияланды

Түркиянын Газиантеп шаарынан Кыргызстандын алты жараны эвакуацияланды. Бул туурасында Кыргызстандын тышкы иштери министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарандар Өзбекстандын атайын борту менен Ташкент шаарына учуп кетти.
Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги эвакуацияланган жарандардын Ташкенттен Кыргызстанга кайтып келишине көмөк көрсөтөт.
Буга чейин Кыргызстандын 22 жараны Казакстандын атайын борту менен Астана шаарына эвакуацияланган.
Эске салсак, 6-февралда Түркия менен Сирия чектеш аймакта эки жолу күчү 7,5-7,8 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Катуу жер титирөөнүн айынан Түркия менен Сирияда каза болгондор жалпысынан 15 миңден ашты. Ал эми жараат алгандардын саны 63 миңден көп экени айтылууда.