Түркияга жардам берүү үчүн ачылган эсепке 50,2 млн сом чогулду

 Түркияга жардам берүү үчүн ачылган эсепке 50,2 млн сом чогулду

Бүгүн, 20-февраль саат 10:00гө карата Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн ачылган атайын эсепке 50 млн 214 миң сом жана 14 миң 400 рубль түштү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркаган жарандар үчүн Каржы министрлигинин Борбордук казыналыгында атайын бирдиктүү депозиттик эсеп ачылган.

Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат:

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 “Каржы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркияга жардам)”.

Төлөм коду: 14411100 — “Учурдагы жардам”.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар