Түркияга жардам берүү үчүн ачылган эсепке дээрлик 14 млн сом чогулду

 Түркияга жардам берүү үчүн ачылган эсепке дээрлик 14 млн сом чогулду

Бүгүн, 14-февраль саат 10:00гө карата жер титирөөдөн жабыркаган Түркиянын жарандары үчүн ачылган атайын эсепке 13 млн 962 603,7 сом жана 12 миң 550 рублга түштү. Бул туурасында Финансы министрлигинен билдиришти.

Кырсыктын кесепеттерин жоюуга жардам берүүнү каалагандар эсептин реквизиттерине сом, доллар, рубль жана евро валютасында каражат которо алышат.

Банк: “Айыл Банк” ААК

ИНН 01803199710084

БИК 135001

ОКПО 30597768

Эсептин номери: № 1350102119900169 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин транзиттик эсеби (Түркия Республикасына жардам)” (сом, рубль, АКШ доллары, евро)

Төлөм коду: 14411100 – “Учурдагы жардам”;

Белгилесек, атайын эсеп ушул жылдын 7-февралында ачылган.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар