Түркияда кыргызстандык куткаруучулар жаңы тилкеге издөө иштерине чыгышты

 Түркияда кыргызстандык куткаруучулар жаңы тилкеге издөө иштерине чыгышты

Түркияга Кыргызстандан барган куткаруучулар жаңы тилкеге издөө иштерине чыгышты. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Такталгандай, жалпы 147 куткаруучу Кахраманмараш шаарынан 15 мүнөттүк алыстыкта жайгашкан райондогу талкаланган урандылардан издөө иштерин улантышмакчы.

Белгилесек, кыргызстандык куткаруучулар урандылдардын астында калгандарга жардам берүүдө төрт жаранды аман-эсен алып чыгышты.

ӨКМден билдиришкендей, Түркияга дагы 30 адамдан турган куткаруучулардын тобун жөнөтүү пландалууда.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар