Түркиядан Ташкентке дагы бир өзбекстандык аялдын сөөгү жеткирилди

13-февралда Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу Ташкентке намангандык 42 жаштагы аялдын сөөгү жеткирилгенин билдирди. Ал Түркиянын түштүк-батышындагы Шанлыурфа шаарындагы зилзаладан каза болгон.
Маалыматка караганда, маркум Наманган облусуна караштуу Нарын районунда жашаган. 2022-жылы ноябрда Түркияга иштөө үчүн кеткен.
«Туугандарынын айтымында, аял 6-февралда болгон жер титирөөдөн аман калган. Бирок машинеде кетип баратып, үйлөрдүн кулап жатканын көрүп, жүрөгү кармаган жана кийин ооруканада көз жумган. Маркумдун мурда эле жүрөгү ооруп жүргөн»,-деп айтылат билдирүүдө.
11-февралда Өзбекстанга Түркиянын Кахраманмараш жана Хатай аймактарында жашаган эки өзбекстандык аялдын сөөгү жеткирилген.
Соңку маалыматтар боюнча Түркияда зилзаладан 29.500дөй киши өлдү. Al Jazeera телеканалы Сирияда 4500 адам каза болгонун кабарлады.