Түркиядан Ошко эки авиакаттам ачылат

 Түркиядан Ошко эки авиакаттам ачылат
Түркиянын эки шаарынан Ошко каттамдар ачылаары күтүлүүдө.
Алар Даламан жана Анталья  шаарлары.  Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынна кабарлашты.
Авиакаттамдар «Пегасус» авиакомпаниясы тарабынан аткарылаары  болжолдонууда.
«Анталья-Ош-Анталья» багыты боюнча каттамы 2-июндан 29-сентябрга чейин, дүйшөмбү жана жума күндөрү уча турганы, «Даламан-Ош-Даламан» багыты боюнча каттамды 4-июндан 27-сентябрга чейин, шаршемби жана ишемби күндөрү аткаруу пландалып жатат»  деп айтылат маалыматта.

Жанылыктар