Түркиядан Астана шаарына эвакуацияланган 22 кыргыз жараны мекенине келди

Түркиянын жер титирөө болгон Газиантеп шаарынан Казакстанга эвакуацияланган 22 кыргыз жараны Бишкекке келди.
Жарандарды кыргыз-казак чек арасындагы “Ак-Жол” өткөрмө бекетинен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери атайын унаа менен тосуп алды. Бул боюнча жеринен УТРК видеоматериал даярдаган.
Маалыматта айтылгандай, кайтып келгендердин бардыгынын абалы жакшы.
Алардын бири жер титирөөдөн улам үйлөр урап, төрт күн ар кайсы жерде түнөп жүрүшкөнүн билдирди:
“Жер титиреген күндөн баштап үйгө кирген жокпуз. Эки күн мечитте, эки күн музейде түнөдүк. Биз төртүнчү кабатта болчубуз. Биринчи жер титирегенде сыртка чыктык. Анан кайра экинчи жолу жер силкинди. Ошондон баштап көчөдө калдык.”
Газиантеп шаарынан Бишкекке жеткирилген дагы бир жаран зилзаланын айынан көргөн кыйынчылыктарын айтып берди:
“Биринчи саат 4:17де жер титирөөдө болгон. Бирок анда эч нерсени деле сезген жокмун. Анан эле астынкы кабаттагы үйдөгү эжелер ыйлай баштаганда мен дагы сыртка чыктым. Корктук… Бардыгыбыз сыртка качып чыгып, ошол бойдон көчөдө калдык. Бардыгыбызга жер-жемиш таратып, жардамдар келип жатты. Бирок, нан жок, нанга барсаң 100 адамга жеткен кезек болду. Эки күн ачка, үшүп көчөдө жүрдүк.”
Бишкекке жеткирилген 22 жарандан тышкары Кыргызстандын алты жараны Өзбекстанга эвакуацияланган.
Белгиленгендей, алардын кайтып келишине Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги көмөк көрсөтөт.