Түркиядан 22 кыргызстандык Астанага эвакуацияланды

 Түркиядан 22 кыргызстандык Астанага эвакуацияланды

Түркиянын Газиантеп шаарынан мекенине кайтып келүү каалоосун билдирген 22 кыргызстандык Казакстандын атайын борту менен Астанага эвакуацияланды. Бул туурасында Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги эвакуацияланган жарандардын Астанадан Кыргызстанга кайтып келишине көмөк көрсөтөт.

“Мындан тышкары, Кыргызстандын 20 жараны Газиантеп жана Кахраманмараш шаарларынан Анталия, Алания жана Стамбул шаарларына эвакуацияланды. Ошондой эле Кыргызстандын дипөкүлчүлүктөрү тарабынан 10 кыргыз жараны Түркиянын Хатай шаарынан коопсуз райондорго чыгарылды”,-деп айтылат маалыматта.

Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар